Прокуратура Карганбек Самаковду кайра камакка алуу боюнча сотко арыз берди

Бишкек шаарындагы Октябрь райондук прокуратурасы 21-майда райондук соттун депутат Карганбек Самаковдун үй камагына чыгышы боюнча чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Андан сырткары райондук прокуратура шаардык сотко Башкы прокуратуранын Самаковду камакка алуу боюнча келтирген өтүнүчүн канааттандырууну өтүнүүдө. 
Депутаттын жактоочусу Икрамидин Айткулов райондук прокуратуранын өтүнүчүнө макул эместигин 21-майда SUPER.KG порталына билдирди.
Айта кетсек, Самаковго Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин 2007-2008-жылдары мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталып кармалып, 15-майда УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 
17-майда бул ишти Октябрь райондук соту карап, аны 2 айга үй камагына чыгарган эле.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан