Быйыл жол эрежелерин бузган айдоочулардан түшкөн айып пулдун жалпы суммасы 130 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында журналисттерге КРнын Жол-кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, былтыр айып пулдун суммасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу ушундай көрүнүш байкалган.
“Быйылкы жылдын алгачкы 4 айында жол эрежелерин бузган айдоочулардан түшкөн айып пулдун суммасы 108 миллион 467 миң сомду түзгөн. Ал эми былтыр ушул эле маалда республикалык бюджетке болгону 46 миллион 986 миң сом түшкөн”,- деди Саркулов.