Бишкектеги №4-ооруканада рентген аппараты улам-улам иштен чыгып, бейтаптар да, дарыгерлер да убара тартышууда. Мындай пикирди депутат Асия Сасыкбаева бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, аталган оорукананын рентген аппараты 50 жыл мурун алынган. "Бул ооруканага республиканын булуң-бурчунан келип дарыланышат. 50 жыл болгон рентген аппараты улам-улам иштен чыгып калууда. Оорукананын башка аппараттары деле жыргатарлык эмес”,- деген Сасыкбаева бул маселени өкмөткө табыштады.
Саламаттыкты сактоо тармагына токтолгон депутат Ташполот Балтабаев Баткен облусундагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору 15 жылдан бери курулуп бүтпөй келе жатканын сынга алып, быйыл республикалык бюджеттен бөлүнөт деген 8 миллион сомдон дайын жок экенин билдирди.