Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-майда кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимдердин топтомуна кол койду. Президенттик аппараттан билдиришкендей, кол коюу иш-чарасына премьер-министр Темир Сариев, биримдикке кирген өлкөлөрдүн кыргыз жериндеги элчилери жана башкалар катышты.
Документтер ратификацияланганы тууралуу Евразия экономикалык комиссиясына нота жиберилүүгө тийиш. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн парламенттери да келишимдерди бекитип, президенттери кол коюшу керек.
Айта кетсек, Жогорку Кеңеш өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимдерди 20-майда ратификациялаган.