Депутат Нарматова айрым ата-энелер бирдиктүү мектеп формасына каршы экенин айтты
Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутат Надира Нарматова аймактагы айрым тургундар бирдиктүү мектеп формасына каршы экенин билдирди. Анын айтымында, окуучулардын формасын үстү ак, асты кара бойдон калтыруу керек. "Аймактагы айрым үй-бүлөлөрдө төрттөн ашуун бала бар. Ар бирине жаңы форма сатып алууга каражат жагы маселе жаратат. Мугалимдер да формага ата-энелерден акча чогултуу милдетине нааразы. Ошондуктан алар форма сатуучу атайын дүкөндөрдү ачууну сунушташууда",- деди Нарматова.