Дастан Бекешев: "Эркектерди абактан мунапыс аркылуу бошотуунун кереги жок"

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында “Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралууда. Жыйында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Дастан Бекешев эмне себептен эркектерди абактан мунапыс аркылуу бошотпоо керектигин түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, жашы жете электерди абактагы терс көрүнүштөрдү өзүнө сиңире электе абактан бошотуу туура. "Бойго жете элек бала абактан чыкканда ал кылмыш жасоодон алыс болот. Эгер аны 18 жашка толгондо жалпы абакка отургузса, анда кеч болуп калат. Ал эми айымды абактан чыгарганда ал үй-бүлөсүнө барат же үй-бүлө курат. Муну эске алышыбыз керек. Эркектерди бошотуунун кереги жок. Биз мындан өткөнбүз. Эркектер абактан чыккандан кийин кайра уурулук, алдамчылыкка барышат",- деди Бекешев.

Мыйзам долбооруна ылайык, мунапыс жарыялоо социалдык жактан негизделген жараян болуп саналгандыктан, эрезеге жете элек балдарга, жаш балдары бар аялдарга, кош бойлуу аялдарга, 55 жаштан өткөн улгайган аялдарга карата мунапыс берүү сунуш кылынууда. Бул документ менен өтө оор кылмыш жасабаган 901 адамды (827си аял, 74ү жашы жете элек жарандар) абактан бошотуу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан