Темир Сариев коргоо министри менен кыргыз мамлекетинин коргонуу жөндөмүн бекемдөөнү талкуулады

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 21-майда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевди жана коргоо министри Абибилла Кудайбердиевди кабыл алды. Кыргыз мамлекетинин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө жолугушууда талкууланган негизги тема болду. 
Кудайбердиев кыргыз мамлекетинин тынчтыкты сактоо миссияларына катышуу боюнча министрликтин ишмердүүлүгү, аскердик кызмат өтөөгө жарандардын чакырылышы тууралуу маалымат берди. Өкмөт жетекчиси аскерге чакыруу тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюу, Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамын өз убагында жана сапаттуу түзүү керектигин белгилеп, аскердик кызматтын престиждүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик чаралардын ишке ашуусун тездетүү тапшырмасын берди. 
Аскердик кадрларды даярдоо системинин эффективдүүлүгүн күчөтүү зарылдыгы белгиленгенин өкмөттөн билдиришти.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан