22-майда Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат

22-майда саат 9:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкек суу-канал” ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Арча-Бешик, Ак-Өргөө, Ак-Ордо, Достук, Орок, Төмөнкү Орок, Жогорку Орок, Селекционное конуштарынын айрым жерлеринде таза суу берилбейт. “Бишкек суу-канал” башкармалыгы шаар тургундарынан ыңгайсыздык жаратканы үчүн кечирим сурайт жана тургундарды, мекеме-уюмдарды ичүүчү суу камдап алууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан