Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин кезектеги текшерүүсүндө Ала-Тоо конушунун Ала-Тоо көчөсүндөгү №61, 75, 126, Көк-Талаа көчөсүндөгү №37, 37-а даректеринин жашоочулары тиешелүү документтерисиз муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин кеңейтип алгандыгы аныкталды.
Мэриядан кабарлашкандай, департамент тарабынан эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Азыркы учурда 7 курулуш, 3 дубал, 1 бастырма, 1 чарба курулушу, дүкөн жана чачтарач өз ыктыяры менен алынып, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.