Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө маалында чет өлкөгө качып кеткен адамдарга карата тергөө амалдарын андан ары улантуу сунушталууда

Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө маалында чет өлкөгө качып кеткен адамдарга карата тергөө амалдарын андан ары улантуу сунушталууда. Буга байланышкан мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 21-майда карап, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жиберди. Демилгечи депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, акыркы кезде кылмыш иши козголгон адамдардын тергөө маалында чет өлкөгө чыгып кетип, тергөө ишине атайылап катышпай койгон учурлары көбөйүп барат. "Улуттук мыйзамдарга ылайык, тергөө иши бүткөндөн кийин чет өлкөгө качып кеткен адамдарды сыртынан сот жоопкерчилигине тартуу чараларын көрүүгө мүмкүнчүлүк берилген, ал эми тергөө маалында качып кеткен адамдарга карата андай талап жок", - дейт ал.

Демилгечи кылмыш иши козголгон адамдардын тергөө маалында чет өлкөгө чыгып кетип, тергөө ишине атайылап катышпай койгон адамдардын адвокатынын катышуусунда тергөө амалдарын аягына чыгарып, ишти сотко өткөрүү сунушу берилип жатканын кошумчалады. "Азыр чет өлкөгө качып кеткен көп адамдын тергөө иши токтотулуп турат. Кылмыш жасаган адам кандайдыр бир мыйзамсыз жолдор аркылуу жаза жоопкерчилигинен сырткары калбаш керек",- деп кошумчалады депутат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан