Бишкекте Эл аралык "Борбор Азиядагы миграция маселелери" аттуу конференция болот

2015-жылдын 2-июнунда Бишкекте Эл аралык "Борбор Азиядагы миграция маселелери" аттуу конференция өтөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Конференцияда аймактагы миграциянын көйгөйлүү маселелери, Борбор Азия жана КМШ мамлекеттеринин миграция жаатындагы, анын ичинде эмгек мигранттарынын, качкындардын, жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо, киши сатуу менен күрөшүү жаатындагы улуттук мыйзамдардын жоболорун укуктук жактан колдонуу, шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү боюнча эл аралык байланыштарды жана кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланат.

Конференциянын катышуучулары экстремизмге, терроризмге, коррупцияга, наркобизнеске, эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыктын келечеги туурасында пикир алышмакчы.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн, Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын, КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин, эл аралык уюмдардын жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан