Депутаттар Курмантай Абдиевдин Курманбек Бакиев менен мамилеси кандай болгонуна кызыгышты

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлер Курмантай Абдиев жана Жедигер Саалаев менен таанышууда. Депутаттар аларга өз суроолорун берип жатышат.
Депутат Дастан Бекешев талапкерлердин бири К.Абдиевдин мурда Бакиев менен мамилеси кандай болгонуна кызыкты. "Сиз Бакиевдин убагында юстиция министри болгонсуз. Аны менен мамилеңиз кандай болгон?"- деп сурады Бекешев.
"Бакиев менен кызматтык мамиледе гана болгом. 2009-жылдын 15-декабрында Бакиевдин кабыл алуу бөлүмүндө 7 мүнөт эле болгом. Анда мени премьер-министр министр кызматына дайындоого сунуштаган болчу. Бул кызматта 3,5 ай аралыгында иштегем. Ал киши менен бет маңдай сүйлөшкөн эмесмин. Ортобузда нукура кызматтык мамиле болгон",- деп жооп берди Абдиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан