Лейлек районунун активисттери парламентте Баткен облусундагы чек ара көйгөйлөрүн тез арада чечүү маселесин көтөрүштү

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин вице-спикери Төрөбай Зулпукаров Бишкекке парламенттин иши менен таанышканы келген Баткен облусунун Лейлек районунун жаш активисттери менен жолугушту.

Зулпукаров Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен Баткен облусу экономикалык өнүгүү жагынан мүмкүнчүлүктөрү кеңири экенин белгиледи. "Кошуна мамлекеттер менен чек арадагы сооданы жөнгө салуу зарыл",- деди депутат. Ал жаштарды өз өлкөсүнүн атуулу болууга үндөдү. 

Лейлек районунун жаштары Зулпукаровго алардын бирикмеси райондо билим берүүнү, маданият менен спортту өнүктүрүп, пенсионерлер менен майыптарга жардам бериш үчүн түзүлгөнүн айтып беришти. Алар Баткен облусундагы чек ара маселелерин тез арада чечип берүүнү суранышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан