Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутаттар Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына Курмантай Абдиев жана Жедигер Саалаевди жактырышты.
Добуш берүүдө Ж.Саалаевге 60 депутат "макул", 32 депутат "каршы" деп добуш берсе, К.Абдиевге 72 депутат "макул", 21 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди. Добуш берүүдөн кийин талапкерлер расмий ант беришти.
Абдиев 2010-жылы "Ата Журт" фракциясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал өз сөзүндө депутаттардын ишеним көрсөткөнүнө ыраазычылыгын билдирди.
Айта кетсек, эки талапкерди апрель айынын башында Сотторду тандоо кеңеши президент Алмазбек Атамбаевге сунуш кылышкан. 15-апрель күнү президент Сотторду тандоо кеңешинин курамы менен сүйлөшүү жүргүзүп, парламенттин кароосуна киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Айта кетсек, Курмантай Абдиев - Жогорку Кеңештин депутаты, Жедигер Саалаев - коомдук ишмер.