Министрлик: "Орус тили - мамлекеттик тил" деген статусу бар өлкөлөрдүн мигранттары Орусияда сынактан өтүшпөйт” деген маалымат так эмес"

Чет өлкөлүк кээ бир басылмалар бүгүн, 21-майда "Орус тили - мамлекеттик тил" деген статусу бар өлкөлөрдүн мигранттары орус тили, Орусиянын мыйзамдары жана тарыхы боюнча сынактардан өтүшпөйт. Мындай өлкөлөргө Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Беларусь мамлекети кирет, бул өлкөлөрдө орус тили "мамлекеттик тил" деген статуска ээ" деген маалыматты жазып чыгышты. Бул маалымат ката болушу ыктымал, анткени кыргыз мамлекетинде орус тили мамлекеттик тил эмес, ал расмий гана статуска ээ. 

Бул боюнча SUPER.KG порталына Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен мындай жооп кайтарышты: “Азырынча бул жаңы долбоор боюнча толук жана туура бир нерсе айта албайбыз, анткени учурда министрдин орун басары Орусиянын Сочи шаарында мигранттардын маселесине арналган жолугушууда жүрөт. Келерки жуманын башында так маалымат белгилүү болот. Бирок Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кирген соң, биздин мигранттар үчүн бир топ эшиктерге кирүү жеңилирээк болот. Алардын ичинде жогоруда айтылган экзамендерден мекендештерибиз ансыз деле бошотулушат”.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
iliaz-sng
2015-05-21 18:00:54
Бошолтулсунда иши кылып
0
sabyr1977
2015-05-21 19:40:23
Мектептерге орус тили мугалимдерин тандап боло турганын койуш керек.баардыгы мугалимден.сабак башталганда здраствуйте.калганы кыргызча.сабак буткондо досвидание.ушундай мугалимдердин окуучулары да ушундай болуп калат.
+3
Aliyar85
2015-05-21 19:45:39
эми орустар ушуну еске алса жакшы болот орус тили 2чи тил емес 1 тил еле болуп калдыго кыргызстанда!
-4
sabyr1977
2015-05-21 19:49:35
Бизди Таалайкан деген эжей окуткан мен ал эжекейиме башымды ийип таазим кылам.Ошол эжекей окуткан учурда чейреке торт койом десе жок дечкумун.берген сурооно жооп берипбеш алчумун.Сабакты соонун отчу эле.Бешинчи класста башка бир эжей келди атын айтпайм.Ал адамына карап сабак отчу.Байлардын балдарына билбесе деле баа койуп.Жонокой адамдардын балдары билсе деле баа жок.Мен ошол таалайкан эжеймден алган сабак бойдон калгамын.Бирок кудайга шугур калганын озум оздоштуруп кеттим.Таалайкан эжеге таазим
+2
Bonia9189
2015-05-21 20:40:02
Иии ушунусун чын эле жоюп койсо жакшы болмок эле.
-3
saltanat.
2015-05-22 00:34:58
Э өляя, экзамен берипле жүрөбүз го, мен экзамен берип сертификат алгам.
-1
AFRODITA-89
2015-05-22 13:57:36
кыргыздарга коп эле жерден жардам болсунчу ылайым алыста жургон боордошторубуз кыйналбай, кул болбой жакшы иштерде иштеп келсе экен ал жактагы жакындарыбыздын аман болушун тилеп журобуз жакшы иштеп келишсин аларда каражатты, жумуштун жетишпегенинен журот да. Кудайым колдосун боордошторум!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан