Бүгүн, 21-майда өкмөт башчы Темир Сариев Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф менен жолугушту.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Сариев кыргыз мамлекети жана Пакистан аралык кызматташтыгынын кеңейтилишине кызыкдар экендигин билдирди. "Менин ишенимимде, бизде аны активдештирүүгө зарыл болгон бардык шарттар бар",- деди Сариев.
Өкмөт башчы ишеним билдиргендей, Наваз Шарифтин жасаган иш сапары эки өлкө ортосундагы көп багыттуу жана көп тармактуу кызматташууну чыңдоого жана тереңдетүүгө оң таасирин берет. "Өлкөлөр аралык тыгыз байланыш жана ишенимдүү өз ара мамилелер эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт. Кыргыз өкмөтү Пакистан менен келечектүү багыттар боюнча кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү чыңдоого жана кеңейтүүгө умтулат",- деди ал.
Өз кезегинде Наваз Шариф учурда Кыргыз Республикасы жана Пакистан өнүктүрүүгө муктаж болгон бир катар багыттар боюнча өнөктөштүккө ээ экендигин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, маалыматтык технология, энергетика, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай, текстилдик өнөр жай, туристтик индустрия жана билим берүү тармагындагы кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты.