“Жарнак жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизилди

“Жарнак жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизилди. Бул тууралуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев 21-майда кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам кайсы тилде чыгарылгандыгына карабастан, жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды. Аталган максатта “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 3-пунктуна "жалпыга маалымдоо басылма каражаттарындагы жарнак ошол басылма чыгарылган тилде, ошондой эле жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча башка тилдерде дагы жайылтылат" деген толуктоо киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан