Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык мамилелерди талкуулап, эки өлкөдө парламенттик демократияны андан ары бекемдөө жаатындагы жетишкендиктер жана анын келечеги тууралуу пикир алышты.
Экономикалык кызматташтык маселелерине кайрылган төрага эки тараптуу товар жүгүртүү көлөмүнүн аздыгын белгилеп, аны транспорттук-логистикалык байланыштарды бекемдөө жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу көбөйтүү зарылдыгын айтты. "Өлкөнүн жетекчилиги, анын ичинде кыргыз парламенти чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жаатында болгон аракетин жумшоодо",- дейт Жээнбеков. Төрага эки мамлекеттин тең айыл чарбасы жана гидроэнергетика жаатында зор мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин баса белгиледи.
Шариф экономикалык кызматташтык мамилелерди жандандырып, бул тармактарда биргелешип аракеттенүү зарылдыгын билдирди. "Биргелешкен экономикалык кызматташтык Кыргыз Республикасы менен Пакистандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн жандануусуна алып келет",- дейт ал.
Премьер-министр келечекте Кашкар аркылуу Пакистан менен Кытайдын ортосундагы унаа коридору менен Кыргыз Республикасынын деңиз портторуна чыгуусуна мүмкүндүк бере турган эки мамлекеттин транспорттук-экономикалык коридорлорун кошуу зарылдыгына көңүл бурду. "Транспорттук-экономикалык унаа коридорусуз соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү мүмкүн эмес",- дейт Шариф.
"CASA-1000" энергетикалык долбоорун ишке ашыруу маселесин талкуулап жатып тараптар аны ишке ашырууда тыгыз жана ырааттуу иш алып баруу керек деген пикирге келишти. Соңунда премьер-министр Жогорку Кеңештин төрагасын эки тараптуу кызматташтык мамилелерди бекемдөө максатында Пакистанга иш сапары менен келүүгө чакырды.