"Ата Мекен" "Центерра Голд Инк." компаниясынын кызыкчылыгы үчүн сунушталган мыйзам долбоорун колдоодон баш тартты

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын 22-майдагы жыйынында "КРнын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору боюнча "Ата Мекен" фракциясынын 2014-жылдын 20-июнундагы чечиминин аткарылышы жөнүндө маселе каралды.

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев ушул кезге чейин өлкө аймагында иштеген ишканалар сууну бекер пайдаланып келишкенин эске салып, 2014-жылы фракция суунун тарифин аныктоо усулун иштеп чыгуу боюнча тапшырма бергенин айтты. "Азыр Улуттук илимдер академиясынын окумуштууларынын жардамы менен суунун наркын баалоо усулу иштелип чыкты. Бул маселенин ырааттуу чечилишин ыкчамдатуу максатында суунун тарифин аныктоо укугун өкмөт өзүнө алууда",- дейт ал.

Фракция лидери Өмүрбек Текебаев азыр маселенин түпкү маңызы суунун тарифин аныктоодо эмес, ири ишканалардын суу башында иштин ачык ыкма менен кен казышына жол ачылып жатканында турганын айтты. "Ушу тапта суу башатында турган "Кумтөрдөн" башка бир дагы кен жок. Демек, мыйзам долбоору "Кумтөр Оперейтинг Компани" ишканасынын кызыкчылыгы үчүн иштелип чыкканы көрүнүп турат. Өкмөт муну ачык айтышы керек болчу",- деп кошумчалады ал.

Жыйындын жүрүшүндө "Кумтөрдө" буга чейин 77 миллион куб метр мөңгү жок болгону, азыр дагы 18 миллион куб метр мөңгүнү башка жакка көчүрүү долбоору иштелип чыкканы белгилүү болду. Муну өкмөт өкүлдөрү да тастыкташты. "Азыр андагы мөңгүнүн жарымы жок. Мөңгү жылып, ишканага коркунуч туудургандыктан, буга чейин деле башка жерге чыгарылып келген. Бул мыйзам кабыл алынса да, алынбаса да ушундай кылууга аргасыз болобуз. Азырынча андан башка жол жок",- дейт "Кыргыз алтын" ишканасынын жетекчиси Аскар Алимбеков.

Депутат Жоомарт Сапарбаев өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган бул мыйзамдын долбоору "Центерра Голд Инк." компаниясынын кысымынан улам гана иштелип чыкканын билдирди. "Кыскасы, "Кумтөр" кени жайгашкан мөңгү толугу менен жок болот экен. Мөңгү жок болсо, суу да жок. Суу башаты болуп саналган мөңгү жок болсо, анан кайдагы суунун тартифин аныктайлы деп жатасыңар? Менимче, муну тезинен токтотуу зарыл",- дейт ал.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына карама-каршы келери, аны кабыл алуу кыргыз тараптын “Центерра Голд Инк.” компаниясына карата койгон бардык экологиялык доолорун жокко чыгаруу дегенди туюндура турганы белгиленди. "Ата Мекен" фракциясынын мүчөлөрү башка фракцияларды да мыйзам долбоорун колдоодон баш тартууга чакырмак болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан