Ош шаарында Жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгын текшерген машыгуу өткөрүлдү

Ош шаарында Жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгын текшерген машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, машыгуунун максаты өзгөчө кырдаалдар учурунда Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын, мекеме-уюмдарынын күч жана каражаттарынын даярдыгын текшерүү болуп саналат.

Машыгуунун жүрүшүндө Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарына жана мекеме-уюмдарына 15 тапшырма коюлуп, анын ичинен 4 практикалык түрүндө жана 1 көрсөтмө иш-чараларын аткаруу тапшырмасы берилди.

Өткөрүлгөн машыгуунун жыйынтыгы боюнча Ош шаарынын Жарандык коргонуу кызматтары жана мекеме-уюмдары ар кандай кырдаалдарга даяр экендиги боюнча тыянак чыгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан