Бишкек шаарында өткөн жолугушуудан соң орусиялык ишкер Евгений Корчевой баштаган делегацияны депутат Бакыт Төрөбаев өлкөнүн түштүгүнө чакырды. Эл өкүлү алгач конокко Ош шаарында жайгашкан МТСтин ишмердүүлүгү туурасында айтып, андан ары сапар Жалал-Абад шаарына уланды. Орусиялык ишкерге сервистеги катар тизилген техника, ар бир трактордун мүмкүнчүлүктөрү туурасында мекеменин механиги маалымат берди. Евгений Корчевой мынча көлөмдөгү техниканын бар экендигине таң калганын да жашырбады. Тааныштыруу учурунда “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев: “Өлкөбүздүн айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн негизги маселе - айыл чарба техникаларына жеткиликтүү көңүл буруу менен МТСтерди ар бир аймакта калыптандыруу жана анын сапаттык курамын чыңдоо”,- деп билдирди. Ошондой эле Төрөбаев дыйкандардын суроо-талаптары күчөгөндүгүнө байланыштуу алдыда дагы ар түрдүү багытта кызмат көрсөтүүчү 500 айыл чарба техникасын алуу маселеси турганын айтты. Жыйынтыгында орусиялык агротехникалык окуу жайларында адистерди окутуу, тажрыйба алуу боюнча маселе чечилди. Эми “Өнүгүү” техникалык сервисинин 2 кызматкери, сүйлөшүүгө ылайык, бир айлык окууга жөнөтүлөт.