Кыргыз-Орус Славян университетинде Славян маданияты жана жазуу күнүнө арналган концерт болуп өттү. Бул маараке өлкөдө салттуу майрамга айланып калды. Иш-чараны Кыргыз Республикасындагы Орусия элчилиги, кыргыз өлкөсүндөгү орус кызматташтыгынын өкүлчүлүгү, Славян фонду, ошондой эле өлкөдөгү билим берүү жана маданий мекемелер уюштурду.
Ошондой эле өз сөзүндө "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге ыраазычылыгын билдирип, орус тилинин расмий тил макамын алуусуна партия лидеринин салымы зор экенин белгиледи.
"Белгилүү болгондой, орус тилинин ролу чоң. Ал бир катар өлкөлөр арасында байланыш тили катары кызмат кылууда. Ошол себептен улам 2000-жылы мен парламентте орус тилине расмий макамды берүүнү демилгелеп чыккам. Өлкөнүн расмий тили көптөгөн элди бириктирип, өлкөбүздү эл аралык коомчулукка чыгарышы керектигин баса белгилегем. Бул орус тили эле",- деди Ө.Текебаев.
Иш-чара музыкалык ансамблдердин даярдаган концерти менен коштолуп, Кыргыз Республикасындагы Орусия элчилиги Кыргыз-Орус Славян университетине атайын китептерди белекке тапшыруу менен аяктады.