Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында депутат
Ташполот Балтабаев айрым журналисттердин "депутат
Карганбек Самаков "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү" деп жазганына нааразычылыгын айтты.
"К.Самаков өз арызы менен расмий түрдө фракциянын курамынан чыккан. Эмнеге массалык маалымат каражаттары жалган маалыматтарды чыгарышууда? Же журналисттерге аны "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү" деп жазууга буйрук берилдиби?"- деди Балтабаев.