Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева телеберүүлөрдө терс маалыматтар көп көрсөтүлүп жатканына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, телеканалдар үй-бүлө баалуулуктарын көбүрөөк чагылдыруусу керек.
"Жазында эшек эттери маселесине арналган берүүлөр бир канча жолу көрсөтүлдү. Эшек эттеринин ордуна үй-бүлө маселесине арналган чыгарууларды көбүрөөк көрсөтсө туура болот. Акыркы мезгилде балдарга, аялдарга карата зордук-зомбулук көп орун алууда. Ошондуктан үй-бүлөлүк баалуулуктарды чагылдырган берүүлөр көрсөтүлүш керек",- деген пикирин айтты депутат.