Жогорку Кеңештин 27-майдагы отурумунда "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралууда.
Демилгечилердин бири, депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана чет мамлекеттерден акчалай каражаттарды алган коммерциялык эмес уюм чет өлкө агентинин иш-милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет. "Бул долбоор менен коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин өлчөмү жана түзүмү, мүлктүн курамы жана чыгымдары, кызматчылардын сан-эсеби жана курамы жөнүндө маалыматтар боюнча отчёт берүүгө милдеттендиргени жатабыз. Мындан тышкары бейөкмөт уюмдарга өлкөнүн ички саясатына кийлигишпөө боюнча норма киргизилиши керек",- деди депутат.