Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жер көчкү болгон Сузак районундагы Кыр-Жол айылына барып, эл менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, министр жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө көбүрөөк көңүл буруп, аларды кайрат кылууга чакырды. Андан соң министрликтин атынан керебеттер, төшөнчүлөр, одеяло жана жаздыктар, кийим-кечелер тапшырылды. Буга кошумча азык-түлүк салынган баштыктар берилди.
К.Базарбаев учурда премьр-министр Темир Сариевдин тапшырмасы боюнча Жалал-Абад облусун кыдырып, эл менен жолугушуп жүрөт.
Жер көчкү 24-майга караган түнү орун алып, бир канча адамдын өмүрүн алган.