Сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөн күнү жана кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Мекен чек арасынын бекемдиги өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн, бүтүндүгүнүн негизги шарты болуп келген жана болуп кала бермекчи. Бул жооптуу ишти аткаруу милдети мекенге берилген, эрктүү, туруктуу жана мекенчил жоокерлерге гана тапшырылат. Чек ара сакчылары өлкө эгемендигине кол салган негизги соккуну өздөрүнө алып, тайманбастык менен анын мизин кайтарып келишет.
Чек ара сакчыларынын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиктери, мекен чегинин ар бир кадамы үчүн жан аябаган эр жүрөктүүлүгү келечектеги жеңишке негиз болгон.
Улуу Ата Мекендик согуштун жана чек ара аскерлеринин урматтуу ардагерлери, сиздерге таазим этебиз, сиздер жоокердик кызматыңыздар менен өзгөчө күжүрмөн боордоштук, Ата Мекенге ак кызмат өтөөнүн салттарын калыптандырууга эбегейсиз салым коштуңуздар.
Сиздердин кесиптик, турмуштук бай тажрыйбаңыздар жаштар үчүн баа жеткис үлгү. Чек арачылар да улуу муундун өкүлдөрү калтырган чек ара салттарын бекем тутуп, мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн, коопсуздугун сактоо боюнча тапшырмаларын ак ниет менен аткарууда.
Кыраакылык, чебердик, туруктуулук, тартиптүүлүк жана өз кесиби үчүн сыймыктануу мындан ары дагы чек арачыларды башкалардан айырмалап турарына бекем ишенем.
Бардык чек арачыларды, чек арачы-ардагерлерди бүгүнкү майрамы менен куттуктайм жана чың ден соолук, иштериңиздерге ийгилик, бейпил турмуш, чек аранын бекем болушун каалайм".