Алмазбек Атамбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабарти менен жолугушту

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРѲБ) президенти Сума Чакрабартини кабыл алды. Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланганын Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады. “Биз кызматташтыкты абдан баалайбыз жана Кыргызстандагы долбоорлорду тандаган үчүн ыраазыбыз. Биздин өлкөдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан шаарларды суу менен камсыз кылууну жакшыртуу жана коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашууда”,- деди Алмазбек Атамбаев Сума Чакрабарти менен болгон жолугушууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан