Эл аралык келишимдерди түзүп, аларды парламент аркылуу ратификациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 28-майдагы жыйынында кабыл алынды.
Өкмөттүн берген маалыматына караганда, 2014-жылдын май айында күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамда ашыкча татаалдашкан жол-жоболор камтылып, эл аралык келишимдердин ыкчам күчүнө киришине жолтоо болгондуктан, аларды жөнөкөйлөштүрүү зарылчылыгы келип чыккан. Ага ылайык, долбоорлор каржылана турган айрым гранттык каражаттар менен жеңилдетилген насыялардын кечигип калган учурлары бар. Ошондон улам нота же кат алмашуу аркылуу түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоосуз эле күчүнө киргизүү тартиби сунуш кылынган. Андан сырткары мыйзамда Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге кошулушу жөнүндө грамотаны депонирлөөнү жөнгө салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жолу камтылды.
Жаңыдан кабыл алынган бул мыйзам президент тарабынан кол коюлгандан кийин күчүнө кирүүгө тийиш.