Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун 4-отуруму болот.
Жыйынга жумушчу топтун мүчөлөрү, президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, президенттик аппараттын, өкмөттүн, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышат.
Жыйында программаны ишке ашыруудагы каржылоо маселелери менен аталган программаны ишке ашыруу боюнча министрликтердин, ведомстволордун отчёту каралат.