Көп батирлүү үйдө мейманкана иштеткен жаран 8 миң сом айып пул төлөшү мүмкүн

Көп батирлүү үйдө мейманкана иштеткени үчүн айып пул жогорулашы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоорун депутат Кожобек Рыспаев демилгеледи.

ир канча саатка берилген мейманканалар өсүп жаткан муунга терс таасирин тийгизет. 

Тартиптүү үй-бүлөлөр мындай мейманканалардын жашоочулары менен коңшулаш болуудан көп учурда жапа чегип жатышат. Анткени мейманканаларда жашагандар мас абалында мушташып, кыйкырышып, коңшулардын тынчын алган фактылар көп орун алууда. Айрым учурларда мындай көрүнүш адамдардын психикалык саламаттыгына терс таасир тийгизет. Мындан тышкары кримчөйрө өкүлдөрү, соттолгондор, террордук топтордун мүчөлөрүнө ижарага бирилчү батирлерде жашынууга оңой. Мындан улам коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирилет",- деп түшүндүрдү депутат.

Ошондуктан К.Рыспаев батирлерди мейманкана кылып иштеткендерге айып пулду төмөнкүдөй жогорулатууну сунуштоодо:

1) жарандарга - 5 миң сомдон 8 миң сомго чейин; 

2) кызматтык адамдарга - 8 миң сомдон 10 миң сомго чейин; 

3) юридикалык жактарга - 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан