Кыргыз мамлекетинин акыйкатчысы Бакытбек Аманбаев 4-5-июнда Брюссель шаарында (Бельгия) өтө турган акыйкатчылардын эл аралык конференциясына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда КРнын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда акыйкатчылардын ишмердүүлүгү, милдеттери жана каржы маселелери тууралуу сөз болот.