Мамкаттоо кызматынын өкүлү: "Эгемендик алгандан бери 1 миллиондой киши КМШ өлкөлөрүнө чыгып кетти"

"Эгемендик алгандан бери кыргыз мамлекетинин аймагынан 1 миллионго жакын киши КМШ өлкөлөрүнө жана алыскы чет мамлекеттерге чыгып кетти, көпчүлүгү Орусия жана Казакстанга, калгандары алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө кетишти",- деди Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин директору Дүйшөн Сатыбалдиев бүгүн, 2-июнда "Борбор Азиядагы миграция маселелери" аттуу эл аралык конференцияда.

Анын айтымында, азыркы заманда миграция экономикалык өсүштүн темпине, төлөм балансынын абалына, өлкөдөгү калктын динамикасына, мамлекет аралык мамилелерге таасир этип жатат. "Миграция өлкөлөрдүн ортосунда да, кыргыз мамлекетинин ичиндеги аймактардын ортосунда да калктын санынын тең салмагын бир топ бузат",- деп белгиледи Сатыбалдиев.

Өлкөнүн түштүгүндө Өзбекстан менен Тажикстандын чектеш райондорунун тургундары соода, курулуш тармагында жана айыл чарбасында иш табыш үчүн күн сайын мамлекеттик чек арадан өтүшөрүн кошумчалады. "Өлкөдө реалдуу түзүлгөн миграциялык кырдаалдын талаптарына жооп бере турган миграциялык саясат бардык өлкөлөрдүн зарылчылыгына айланды. Ошондуктан миграция маселеси боюнча жаңы чечимдерди жана мамилелерди издеш керек. Кыргыз өлкөсүндө чарбанын тармактары өнүгө баштап, экономикалык өсүш болсо эле жумушчу күчүнө болгон талап күчөп, калктын кетиши азая тургандыгы бышык",- деди департамент башчысы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан