Жалал-Абадда 1-Июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүндө майрам ээлерине 55 миң сомго белектер берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, майрамдык иш-чарага Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан "Ак-Жол", "Рахат" реабилитациялоо борборлорунун, Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн тарбиялануучулары чакырылып, аларга белектер жана шириндиктер таратылды. Ошондой эле жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган концерттик программалар жана оюн-зооктор көрсөтүлдү.