“2030-жылга чейин кыргыз элинин саны 7,5 миллионго жетет” дейт министрдин орун басары Алмазбек Асанбаев

Божомолдорго ылайык, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калкынын саны 7,5 миллионго жетет. Бул тууралуу эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев 2-июнда “Борбор Азиядагы миграция маселелери” аттуу эл аралык конференцияда билдирди. Бүгүнкү күндө калктын саны 5,8 миллион экенин айткан Асанбаев: "2030-жылы демографиялык өсүштүн эң бийик чеги катталат, бирок андан ары калктын саны азаюуга бет алат деген божомол бар”,- деп билдирди.

Министрдин орун басары кыргыз мамлекетинин калкынын болжолдонгон 7,5 миллионунун 2,5 миллиону эмгек миграциясынын жагдайларынын бири болгон турак жай сатып алуу, куруу маселесине туш болорун кошумчалады. “Өкмөттүн милдети - чет өлкөлөргө кеткен калктын агымын азайтуу”,- дейт ал.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан