Эмил Кайкиев: “ЕАЭБ келишими күчүнө киргенден кийин Орусиядагы биздин жарандардын балдарынын укугу кеңеет”

Евразиялык экономикалык биримдик келишими күчүнө киргенден кийин кыргыз мамлекетинин жарандарына ЕАЭБдин аймагында бир катар жеңилдиктер берилет. Бул тууралуу 2-июнда тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев “Борбор Азиядагы миграция маселелери” аттуу конференцияда билдирди.

Анын маалыматына ылайык, кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын Орусия аймагында 90 күндүк визасыз жүрүү режиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин өлкөдөн чыгуунун зарылдыгы жоюлат. “Андан сырткары кыргыз жарандарынын Орусия менен Казакстандын аймагында каттоосуз жүрүү мөөнөтү да кыйла узартылууда”,- дейт ал.

Тышкы иштер министринин орун басары кыргыз жарандары медициналык алгачкы жана тез жардам алуу укуктарына ээ болушарын айтты. “Педагогикалык, медициналык, юридикалык, фармацевттик иштерден тышкары учурларда кыргыз жеринде алган билими жөнүндө документтер кошумча жол-жоболорсуз эле таанылат. Биздин жарандардын балдары Орусия жарандары сыяктуу эле мектепке чейинки жана орто билим берүү мекемелеринде окуу укугуна ээ болот”,- деп кошумчалады ал.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан