Шаар тургундары Бишкекти көрктөндүрүү боюнча эрежелерди бузушууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Санитардык-экологиялык инспекция кезектеги рейдинин жүрүшүндө Бишкектин Репин көчөсүндө жайгашкан №170-үйдүн кожоюну жөө жүрүүчүлөр басчу жолго курулуш материалдарын чачып салганын аныктаган. Мунун натыйжасында ал жердеги ирригациялык систем жабыркап, шаарды көрктөндүрүү боюнча эрежелер бузулган.
Буга байланыштуу Санитардык-экологиялык инспекция жеке турак жайдын кожоюну Ж.С.Тахировдун атына Административдик жоопкерчилик кодексинин 488-беренесине ылайык протокол түзүп, райондук комиссиянын кароосуна жөнөттү.