"Ысык-Көл" Эл аралык аэропорту 2-июнда расмий түрдө ачылды. Иш-чарага катышкан премьер-министр Темир Сариев аэропорттун иши, терминалдары менен таанышып чыгып: "Бул аэропорт эл аралык статуска ээ жана бардык заманбап талаптарга жооп берет. 3800 метр узундуктагы учуп-конуучу тилке учактардын бардык түрүн кабыл алууга жөндөмдүү. Туризмди өнүктүрүү үчүн керектүү инфраструктура болушу шарт. Бул аэропорттун ачылышы жогоруда айтылганды негиздейт",- деп билдирди.
Өкмөт башчы Ысык-Көлдүн айланасындагы трассаларды оңдоо пландалып жатканын кошумчалады. Мындан тышкары жайкы сезондо туристтердин коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын, бул үчүн укук коргоо органдарына катуу талаптар коюларын, бул боюнча жеке жоопкерчиликти ички иштер министри Мелис Турганбаев тартарын белгиледи.