Жыйынга Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын коргоо министрлери катышты. Ал эми Молдова, Украина жана Түркмөнстандын министрлери байкоочу катары катышып жатат.
Ал эми кеңешме катышуучулары 3-июнда күн тартибине киргизилген маселелерди талкуулаган соң күжүрмөн даярдык, эл аралык аскердик машыгуу, ошондой эле биргелишип аскердик окууларды өткөрүү боюнча 16 документке кол коюшту.