Быйыл июнда республикалык бюджетке жалпы 6 миллиард 260 миллион 500 миң сом киреше түшөрү күтүлүүдө. Июндагы чыгашалардын жалпы көлөмү 9 миллиард 58 миллион 500 миң сом болорун 4-июнда Каржы министрлигинен билдиришти.
"Милдеттенмелер боюнча чыгымдар 1 миллиард 96 миллион 900 миң сомду түзүп, тышкы карыздарды тейлөөгө 374 миллион 500 миң сом жумшалат. Мындан тышкары операциялык чыгымдарга (министрлик, мекеме жана бюджеттик уюмдар аркылуу каржыланчу чыгымдар) 6 миллиард 358 миллион 400 миң сом жумшоо пландалууда. Мунун көбү же 2 миллиард 599 миллион 400 миң сому айлыктарга кетет. Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарга 1 миллиард 401 миллион сом каралган",- деп билдирет министрлик.