Өкмөттүн кышка даярдык көрүү боюнча ишин депутаттар "жетишерлик эмес" деп баалады
Жогорку Кеңеште “КРнын экономика тармактарынын жана калкын 2012-2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча КРнын Өкмөтүнүн иши жөнүндө” маселе боюнча өкмөттүк күн аяктады. Аталган маселе депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда кызуу суроо-жооптор менен уланып, соңунда депутаттар өкмөттүн кышка карата даярдык ишине "жетишерлик эмес" деген баа берди.