Чыныбай Турсунбеков "педофилдерге өлүм жазасы - натыйжасыз чара" деген пикирде

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 5-июндагы жыйынында балдардын жана өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоону күчөтүү маселеси каралууда.
Талкууда фракция лидери Чыныбай Турсунбеков "балдарга зомбулук же сексуалдык зомбулук көрсөтүү маселелерин жазаны күчөтүү менен чечүү мүмкүн эмес" деген пикирин айтты. "Учурда педофилдерге өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү туурасында сөз жүрүп жатат. Менин көз карашымда, мындай чара натыйжасыз. Маньяктар кылмыш жасап жаткан учурунда жазага тартылары туурасында ойлоп да коюшпайт",- деди депутат.
Мындан тышкары ал: "Балдарды карабаган, алардын моралдык-психикалык ден соолугуна коркунуч келип турган үй-бүлөлөрдү өз убагында аныктап, алдын алуу иштерин жүргүзүү маанилүү",- деп баса белгиледи.
Жыйынга тиешелүү мекемелердин жетекчилери да катышууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан