9-июнда Бишкектин бир катар аймактарында таза суу убактылуу токтотулат

9-июнда саат 9:00дөн 16:00гө чейин Бишкектин бир катар аймактарында таза суу убактылуу токтотулат.

Мэриядан кабарлашкандай, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Калык Акиев, Күрөңкеев, Логвиненко, Чүй, Панфилов, Жибек-Жолу, Абдрахманов, Абдумомунов көчөлөрүндө таза суу жок болот. 

Белгилей кетсек, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, "Фабертэк" ишканасында, №3-шаардык гинекологиялык ооруканасында, "Жапан Стайл" дүкөнүндө, "Океан" дүкөнүндө, "КОСиКОГ" ишканасынын имаратында, "Пекин" ресторанында, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында, Улуттук китепканада, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетте, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинде, Улуттук статистикалык комиеттин имаратында, Дөлөн Өмүрзаков стадионунда, "Телекомдун" филиалында, Биринчи Май райондук администрациясында, №33-орто мектебинде суу убактылуу токтотулат. 

“Бишкек суу-канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктарга байланыштуу шаар тургундарынан кечирим сурап, таза суудан керектүү өлчөмдө камдап алууну өтүнөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан