Нарын облусундагы ветеринардык кызматкерлерге жана жергиликтүү элге сапатсыз ветеринардык дарылардан сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы 8-июнда кабарлады.
Маалым болгондой, аны менен бирге эле облус аймактарында кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдикке толук кандуу киргенде ветеринардык каражаттардын алынып келиши жана сатылуусу боюнча да түшүндүрүү иштери жүрүүдө.