Өлкөдө 10 майып адамга 1 гана социалдык кызматкер туура келет

Өлкөдө 10 майып адамга 1 социалдык кызматкер туура келет. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарынын абалына арналган республикалык тегерек столдун жүрүшүндө КРнын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, эл аралык нормага ылайык, 1 майып адамга 1 социалдык кызматкер туура келиши керек.

Бүгүнкү күндө социалдык кызматкердин айлык акысы 7-8 миң сомду түзөт. Албетте, бул каражатка базар экономикасынын абалы менен татыктуу жашоо өтө кыйын. Социалдык кызматкерлердин жумушу да оор келет, мындай жумушту жароокер адамдар гана аткара алышат”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aika374
2015-06-09 22:17:01
10 эмес 70-80 майыпка бир эле киши иштеп жатат. Айлык акысы эмгегине жараша эмес чын эле, дем алыш кундору да иштоого туура келет коп учурда. Анан эле жогору жактан "текшеримиш" болуп бара берип жегендер коп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан