Баткендин Лейлек районунда аз убакытта көпүрө курулуп, колдонууга берилди

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Катран айыл аймагынын Кой-Таш аймагына Козу-Баглан дарыясынан өтүүчү ички чарбалык көпүрө курулуп, 7-июнь күнү салтанаттуу түрдө анын ачылуу аземи болду. Бул тууралуу ӨКМнын расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жыл башында Лейлек районуна болгон иш сапарында Катран айыл аймагынын башчысы Абдыкасыт Исаев Кой-Таштагы ички чарбалык көпүрөнүн жараксыз абалга келип, окуучулар менен жарандарга кооптуу болуп калганын билдирген. 6 миңге жакын айыл жашоочуларынын райондун борборуна каттамы оор болуп жаткандыгы жөнүндөгү атайын билдирүү да министрликке кат түрүндө келип түшкөн. 

26-мартта көпүрөнү куруу боюнча тендер өткөрүлүп, жыйынтыгында “МК-Партнёр” жоопкерчилиги чектелген коому жеңип чыккан. Апрелде курулуш иштери башталып, узундугу 12 метр, туурасы 6,8 метр болгон ички чарбалык көпүрө 7-июнь күнү толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Көпүрөнүн жалпы сметалык баасы 3 миллион сомго барабар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
misster88
2015-06-08 17:14:11
Ооо жакшы жанылыкко
+1
ZAIYR
2015-06-09 00:29:49
Жакшы азаматтар, Копуронун суротун коро албадым го.
0
edelveis0088
2015-06-10 09:08:57
Ихууу менин айылым менин туугандарымго чиркин..... Бирок чын эле копурону корбодум :-):-)
0
admin_media
2015-06-11 14:06:28
chabarman,
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жол берилбейт! 5 күн БАНга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан