"Кыргыз мамлекети жана Тажикстан ар дайым эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө маани берип келген жана маани берет" деди Темир Сариев

Өкмөт башчы Темир Сариев Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзода менен 8-июнда кеңири жана тар чөйрөдө жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат бөлүмү билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Сариев өз сапарын кыргыз-тажик кызматташтыгын кеңейтүү жана бекемдөө жолундагы маанилүү кадамдардын бири деп атады. "Биздин элдерибиздин достугунун тамыры тарыхта жатат. Эки эл бирдей жолду басып өтүп, бир тарыхый түркүккө байланган. Кыргыз Республикасы Тажикстан Республикасы менен эки тарапка пайдалуу болгон бардык маселелер боюнча тыгыз кызматташууга чоң маани берет",- деди Сариев.

Өкмөт башчы Тажикстан менен достук жана ак ниеттикке негизделген өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады. "Кыргыз Республикасы жана Тажикстан ар дайым эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө маани берип келген жана маани берет. Биздин мамлекеттер үзгүлтүксүз, жогорку деңгээлде саясий диалогду улантканы жана ар кыл деңгээлде байланышты күчөтүп, сапарларды жасаганы кыргыз-тажик алакасын өнүктүрүүгө өзгөчө дем берет",- деди ал.

Ошондой эле өкмөт башчы эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштын тереңдешине маани берип, бул кыргыз-тажик кызматташтыгынын бардык чөйрөсүнө оң таасирин тийгизерин белгиледи. Буга далил катары ушул күндөрү Бишкекте Тажикстандын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрү өтүп жатканын атады. "Бул окуя эки боордош элдин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштардын чыңдалып жатканынын белгиси",- деди ал.

Өз кезегинде Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Темир Сариевдин расмий сапар менен келүүгө жана Дүйшөмбү шаарында өтчү "Жашоо үчүн суу" аттуу эл аралык конференцияга катышууга макулдук бергенине ыраазычылык билдирди.

"Бул Кыргыз Республикасынын Тажикстан менен эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө кызыкдарлыгынын айкын далили. Биздин мамлекеттерди соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрө баштаган ар тараптуу алакалар бириктирет",- деди Расулзода.

Тажик премьер-министри бул сапар кыргыз-тажик эки тараптуу мамилесинин өнүгүшүнө жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.

Муну менен катар жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү жана чек арага жакын аймактардын жергиликтүү бийликтери тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле аймактык жана улуттук коопсуздук маселелери, соода-экономикалык жана транспорттук, суу-энергетикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан