Президент Алмазбек Атамбаев “1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун "Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө" конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 11-июнда президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам 2015-жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1947-жылдын 21-ноябрындагы БУУнун "Адистештирилген мекемелердин артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө" конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.