Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген парламенттик делегация 15-июнда Астана шаарында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын парламентинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламент аралык кеңештин алгачкы жыйынына катышты.
Жээнбеков Казакстандын парламентинин төрагасы Кабибулла Жакуповду кеңештин түзүлүшү менен куттуктап, бул парламент аралык карым-катышты чыңдап, жаңы деңгээлге көтөрүүгө салым кошорун белгиледи.
Ал кыргыз-казак ортосундагы өнөктөштүк мамилелер тууралуу 2003-жылдын 24-декабрындагы келишимди жетекчиликке алуу менен 2012-жылдын августунда эки өлкөнүн президенттери Жогорку мамлекет аралык кеңештин кезектеги жыйынында атайын документ кабыл алышканын эске салды. Анда эки өлкөнүн парламенттерине Парламент аралык кеңешти түзүү маселесин кароо сунушу жиберилген. “Жогорку Кеңеш менен Казакстандын парламентинин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламент аралык комиссия былтыр сентябрда Бишкек шаарында өткөн IV отурумунда мамлекет башчыларынын бул сунушун колдогон. Биргелешкен иш-аракеттин натыйжасында Парламент аралык кеңеш түзүлдү”,- деди Жээнбеков.
Жыйындын жүрүшүндө кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев өкмөт аралык кеңештин кезектеги жыйынында каралган жана чечүүнү талап кылган маселелер тууралуу маалымат берди. Ал көп убакыттан бери Казакстандын чек арасында күйүүчү май жүктөлгөн 425 вагон кармалып тургандыгын эске салып, бул маселени чечүү зарыл экенин айтты. “Тийиштүү органдар күйүүчү майды ташып келүүдө мыйзам бузуу жоктугун ырасташкан. Ошого карабастан, маселе оң жагына чечилбей жатат”,- деди Оторбаев.
Э.Оторбаев кыргыз мамлекетинин Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулууда техникалык-экономикалык жактан колдоо көрсөтүү максатында Казакстан тараптан күтүлүп жаткан 100 миллион долларды бөлүүнү тездетүү зарыл экенин белгиледи.
Мындан сырткары эки өлкөнүн жарандары мамлекеттер аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берүү боюнча протоколдун долбоорун тийиштүү мекемелер талкуулап жатканын кабарлады.
Парламент аралык кеңештин тең төрагалары А.Жээнбеков жана К.Жакупов парламенттердин аппараттарына кеңештин биринчи жыйынында көтөрүлгөн маселелерди, сунуш-пикирлерди тыкыр карап чыгып, кийинки отурумга тийиштүү маалыматтарды даярдоону тапшырышты.