14-16-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлөгөн жаан-чачындарга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындай шашылыш билдирүүнү ӨКМнын басма сөз кызматы таратууда.
Маалыматта мындай кырдаалдарда адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүсү зарыл экени белгиленет.